• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан көз карандысыздыгынын 28 жылдыгын белгилөөдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Казакстан Республикасы бүгүн көз карандысыздыгынын 28 жылдыгын белгилөөдө. Бул тууралуу казак ЖМКлары кабарлайт.

Казакстандын көз карандысыздык майрамы – өлкөдө улуттук макамга ээ жалгыз майрам. Ал 16-17-декабрь күндөрү белгиленип, майрамдык эс алуу күндөрү болуп эсептелет.

Назарбаев 1991-жылдын 1-декабрында элдик шайлоонун жыйынтыгында президент болуп шайланган. Өлкө башчысы 10-декабрь күнү “Казак Советтик Социалисттик Республикасынын атын өзгөртүү тууралуу” мыйзамга кол коюп, мамлекетке Казак Республикасы аты ыйгарылган.

Ал эми 1991-жылдын 16-декабрында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев “Казак Республикасынын көз карандысыздыгы тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койгон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан кеткен. Казакстандын азыркы президенти Касым-Жоомарт Токаев.

Пикир

Оставить комментарий