• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан Карачаганак консорциуму менен талашты жөнгө салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Казакстан өкмөтүнө 1,1 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация төлөө боюнча "Карачаганак Петролиум Оперейтинг" консорциуму менен болжолдуу макулдашууга жетишилди.

Казак өкмөтү менен консорциум ортосунда “кирешелүү өнүмдү бөлүштүрүүдө тараптардын үлүшүн эсептөө” боюнча пикир келишпестиктер жаралгандыктан, республика эл аралык арбитражга кайрылган.

Казакстан Экономика министрлиги 1-октябрда тараткан маалыматка караганда, тараптар талашты тынч жол менен чечүүгө макулдашкан.

Компенсация төлөөдөн тышкары өнүмдөрдү бөлүштүрүү механизмдерине өзгөртүүлөр киргизилет, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери консорциумга жүктөлөт. Консорциум инфраструктуралык долбоорлор үчүн республикага бир миллиард доллар өлчөмүндө карыз акча берет.

Келишимге жыл соңуна чейин кол коюлары күтүлүүдө.

Карачаганак 1979-жылы ачылган, ал дүйнөдөгү ири газконденсат кени болуп эсептелет. Кен Казакстандын түндүк-батышында жайгашкан жана 280 чарчы чакырым аянтты ээлейт. "Карачаганак Петролиум Оперейтинг" анын оператору болуп эсептелет. Ага British Gas Group, Eni, "Шеврон", "Лукойл" жана "КазМунайГаз" компаниялары ээлик кылат.

Пикир

Оставить комментарий