• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Казакстан: Карим Масимов чет мамлекеттин өкүлүнөн эки млн доллар пара алууга шектелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов жабык келишим аркылуу чет мамлекеттин өкүлдөрүнөн эки млн доллар пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу 10-мартта комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул каражат Гонконг аркылуу Казакстандын Улуттук банкына кайтарылган.

Билдирүүдө Масимов премьер-министр болуп турганда бизнес-түзүмдөрдүн биринен 2,5 млрд теңге турган элиталык конок үй жана жер тилкесин алганы боюнча да иликтөө башталганы айтылат.

Атайын кызматтын билдиришинче, Масимов кармалгандан кийин аталган конок үйдөн 17,2 млн доллар жана алтын куймалар алынган. Мындан тышкары, Масимовго таандык бизнес-класстагы кымбат баалуу 11 автоунаа, Нур-Султандагы элиталык эки батир, Алматыдагы хансарай, Акмоло облусундагы курорттук зонадагы жер тилкеси да конфискацияланды.

Масимовдун жакындарынан 5,1 млн АКШ доллары алынган.

Карим Масимов Казакстандагы соңку нааразылыктардын фонунда 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган.

56 жаштагы Карим Масимов атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий