• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан Киров суу сактагычынан суу кабыл алууга даяр

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Казакстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин расмий өкүлү Киров суу сактагычындагы ремонттук иштер тууралуу болжолдуу түрдө алдын ала маалымат берилгенин айтты.

Руслан Иманкулов казак тарап кошумча көлөмдө суу кабыл алууга даяр экенин да кошумчалады. “Казакстандын нөөмөт кызматтары даяр турушат. Азырынча сууну коё берүү боло элек. Ал бүгүнкү күнгө пландалган. Кошумча убакытты Кыргызстандын ӨКМи билдирет. Биз алардын нөөмөт кызматтары менен байланыштабыз”— деди Руслан Иманкулов.

Шу-Таласс бассейн инспекциясынын маалыматы боюнча учурда Киров суу сактагычында 19 миллион куб метр суу топтолгон. Суу сактагычка жалпысынан 550 миллион куб метр суу батат.

Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот.

Пикир

Оставить комментарий