• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Коррупцияны кабылдоо индексинде 9 сапка көтөрүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. 2017-жылы Казакстан Transparency International эл аралык уюмунун Коррупцияны кабылдоо индексиндеги көрсөткүчүн тогуз пунктка жакшыртты.

Ал 188 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашып, Кыргызстан (135), Орусия (135), Өзбекстан (157), Тажикстан (161) жана Түркмөнстандан (167) ашкан.

2016-жылкы баяндамада Казакстан Иран, Непал, Орусия жана Украина өлкөлөрү менен бирге 131-орунда болчу.

Алдыңкы беш сапка Жаңы Зеландия, Дания, Финляндия, Норвегия жана Швейцария жайгашкан. Эң акыркы орундарга Сомали, Түштүк Судан, Сирия, Ооганстан жана Йемен өлкөлөрү жазылган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий