• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстан КРнын ЕАЭБге ыңгайлашуусуна мурда убада кылган 100 млн доллардын 41 млн долларын бөлөт

Коом 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Казакстан Кыргызстанга 41 млн доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңейтилген жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен протоколдук жолугушууда ал Казакстандын мурда макулдашылган каражатты бөлүүгө даяр экенин айткан.

“Башында 100 млн доллар тууралуу айтылган. Бүгүн 41 млн доллар бөлүүгө, процедураны ратификациядан өткөрүп, кайсыл жакка десе ошол жакка каражатты которууга даярбыз. Биз өз ара мамиле түзүү жагымдуулукка жакшы өбөлгө болот деп ишенебиз”,-деди ал.

Муну менен катар Казакстандын өкмөт башчысы ийгиликке жетүү үчүн ЕАЭБдеги ар бир өлкөнү өнүктүрүү зарыл деп белгиледи.

“Ошондуктан биз ЕАЭБдин шарттарына ыңгайлаштыруу үчүн КРга колдоо көрсөтүү ниетиндебиз. 2016-жылы декабрда протокол боюнча келишимге кол коюлган, ага Казакстан тараптан тиешелүү жардам бөлүнөт. Ошондой эле, тез арада теңдештирилген темир жол тарифтерин көрсөтүү туура келишимге кол коюлган. Январда жаңы тарифтер күчүнө кирди. Эксперттердин баасы боюнча, теңдештирилген тарифтерди тез арада күчүнө киргизүүнүн аркасында Кыргызстан 60 млн доллар өлчөмүндө каражатты үнөмдөй алды. Үстүбүздөгү жылы январдан тартып Казакстан аркылуу Россияга транзит үчүн уруксат берилген кыргыз товарларынын түрдүүлүгү дагы кеңейтилди. Ошондой эле, 5 облуска алып өтүүгө уруксат берилген товарлар дагы көбөйтүлдү”,-деди ал.

Казакстандын премьер-министри 2017-жылы Казакстанга алып кирүүгө уруксат берилген товарлардын тизмеси 14 төн 85 ке көбөйтүлгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий