• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Кыргызстан менен 100 млн доллар боюнча келишимди артка кайтаруу тууралуу мыйзам даярдады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. Казакстандын Экономика министрлиги ЕАЭБ интеграциясына аракеттешүү максатында Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүү келишимин денонсациялоо каралган мыйзам долбоорун иштеп чыкканын, Tengrinews.kz билдирди.

Кыргызстан 2017-жылдын 23-октябрында казак тарапты келишимди бир жактуу жокко чыгаруу тууралуу маалымдаган.

Буга байланыштуу, Казакстан парламентинин Мажилисине жөнөтүү пландалган мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Эскерте кетсек, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстан менен 100 млн доллар жардам көрсөтүү келишимин денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Документ кол коюуга өлкө президентине жөнөтүлөт.

Буга чейин КР ТИМ Астананы келишимди денонсациялоо тууралуу расмий маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий