• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан Кыргызстан менен аба каттамын жандандыруу чечими кабыл алынган билдирди

Саясат 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрь күнү Москва шаарында КР тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков Казакстандын тышкы иштер министри М.Тлеуберди менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда Айдарбеков Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтарууда көрсөткөн көмөгү, кыргызстандык жүк ташуучуларга Кыргызстанга келүүсү үчүн транзиттик коридор уюштуруп бергени үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирген.

Казакстан тарап Кыргызстан менен эл аралык аба каттамын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, аба каттамын жандандыруу боюнча чечим кабыл алынган билдирген. Ошондой эле Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттери толук кандуу иштеп жатканын белгилеген.

"Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык, анын ичинде БУУ менен ЕАЭБдин алкагында кызматташуу маселелери каралды", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий