• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Кыргызстан менен чек арада унаа жана жарандарды өткөрүүнү күчөтүлгөн режимде жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 10-октябрынан тарта кыргыз-казак өткөрмө жайынан унааларды жана жарандарды өткөрүү Казакстан тараптан күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу жүргүнчүлөрдүн, жүк жана унаалардын чек арада топтолуусу байкалууда.

10-октябрь саат 20:00 тарта Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде чек ара кызматы күчөтүлгөн режимге өткөн.

Өз кезегинде чек ара кызматы кыргыз тараптан көзөмөлдөн өтүүдө чектөөлөр жок экенин белгилешти.

КР Чек ара кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Мындан тышкары, бардык өткөрмө-көзөмөл пункттарында маалыматтык такталарда чек арадан өтүү эрежелери жана КР МЧК ишеним телефондору бар.

Пикир

Оставить комментарий