• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан Кыргызстандан барган картошкага киргизген чектөөнү алып салууга даяр

Коом 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Казакстан Кыргызстандан барган картошкага киргизген чектөөнү алып салууга даяр. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин маалымат кызматы кабарлаганды.

Эске салсак, 19-февралдан тарта Казакстан өзүнүн аймагына Кыргызстандан картошка, алма жана курма киргизүүгө тыюу салган. Бул жемиштерде курттардын табылышы себеп болгон.

Бүгүн Астанада Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өтүп, казак тарап чектөөнү алып салууга даяр экенин билдирди. Бирок чектөө кайсы күнү алынаары айтылган жок.

Тараптар фитосанитардык карантиндик көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча жол картасына кабыл алышты. Документ 17 пункттан турган иш-чараларды камтыйт.

Кыргызстандын фитосанитардык кызматы документте көрсөтүлгөн баштапкы пункттарды 2019-жылдын июль айына чейин аткарыш керек.Астанадагы жолугушууларга Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген делегация катышууда.

Пикир

Оставить комментарий