• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан Кыргызстандан жашылча-жемиш ташууга киргизген чектөөнү алды

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Казакстан Кыргызстандан ташылчу картөшкөгө, курмага жана алмага салынган убактылуу фитосанитардык чектөөнү алды. Бул маалыматты Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Ага ылайык, чектөөнү алуу жөнүндө чечим эки тараптын 13-14-майда Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган. Мындан сырткары, чектөө эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери карантиндик көзөмөл боюнча жол картасына байланыштуу кол койгон протоколду ишке ашыруунун алкагында алынды.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлган.

Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), Globodera rostochiensis нематодалары (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген. Дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкө сатылбай, чирип жатканын айтып арызданышкан.

Пикир

Оставить комментарий