• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстан кыргызстандыктарга чек арадан ID-карт менен өтүүгө тыюу салды – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Кыргыз жарандарына Казакстанга ID-карт менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, 8-марттан тартып кыргыз жарандары мамлекеттик чек арадан ID-карт менен өтө алышпайт.

"Казак өкмөтү чек араны төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен да өтүүгө тыюу салды. Күн мурун дүйнөгө тараган коронавирустан улам казак тарап кыргызстандык жарандарга жалпы жарандык паспорт менен чек араны өтүүгө тыюу салуу боюнча нота жиберген", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий