• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстан Кыргызстанга 2 миң электр автобусун берүүгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Казакстан Кыргызстанга 2 миң электр автобусун берүүгө даяр. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстандын Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар калкты коммуналдык жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарында КР президентинин тапшырмасы боюнча 2000 даана автобус ишке киргизилет, ошол эле учурда бул транспортту жеткирүүчүнү аныктоо маселеси чечилүүдө.

Өз кезегинде Казакстан премьер-министри аталган долбоорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди жана Казакстанда өндүрүлгөн электр автобустары үнөмдүү, коопсуз жана узак мөөнөткө пайдаланыларын кошумчалады.

Ошондой эле ал казакстандык ишкерлер Кыргызстандын экономикасына кеңири чөйрөдө инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий