• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Кыргызстанга 22 миң тонна унга квота бөлгөн – Чодуев

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга 22 миң тонна унга квота бөлгөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Маалымат жыйында Россия менен Казакстан бөлгөн квота боюнча ун сатып алууга канча жана кайсы компаниялар арыз калтырган, канчасы уруксат алды деген суроо узатылды.

"Пандемия башталгандан кийин Казакстандан 22 миң тонна унга квота берилген. Ал 22 миң тонна унду алуу үчүн биздин 34 компания, жеке ишкерлер арыздарын калтырган. Учурда алардын баарынын арыздары жактырылган. Андан тышкары Казакстан өзүнүн компанияларына 70 миң тонна ун, 200 миң тонна буудай берип, алар аркылуу Кыргызстанга 10 миң тонна ун сатуу боюнча иш жүргүзүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий