• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстан Кыргызстанга бензин экспортун 200 миң тоннага чейин көбөйтөт

Экономика 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Казакстан Кыргызстанга бензиндин экспортун бир жылга 200 миң тоннага чейин көбөйтөт. Бул тууралуу 24.kz кабарлайт.

Сатуунун алдын ала көлөмү - жылына 200 миң тонна. Ошентип россиялык мунай иштетүүчү заводдоруна көз каранды болгон коңшу мамлекетте альтернатива пайда болот, деп жазат bnews.kz.

Кыргызстанга күйүүчү май Россия менен Казакстандан келет. Анын басымдуу бөлүгү Россиядан ташылат. Маселен, өткөн жылы 411 миң тонна Россиядан келсе, Казакстандан 73 тонна сатып алынган.

Мурда Россиядан келген күйүүчү майлар эле төлөмсүз келсе, эми КР менен Казакстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнөн кийин Казакстан да КР төлөмсүз күйүүчү май сата башташы мүмкүн.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатовдун пикири боюнча, Казакстан өткөн жылы өзүнүн мунай иштетүүчү заводдорун заманбапташтырып чыкты. Аны менен катар аларда ашыкча күйүүчү май пайда болду.

"Башкача айтканда, аларда бизге сата ала турган ашыкча күйүүчү май бар. Биринчиден атаандаштык жаралат. Экинчиден Казакстан биздин жакынкы коңшубуз. Россияга караганда ал жерден бизге жеткирүүнүн наркы арзан түшөт", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр күйүүчү майларга болгон баалар 10,7% көтөрүлгөн. Ошол эле учурда дизель майы 18,5%, бензин 9,5% кымбаттаган.

Эми Казакстандан келген күйүүчү майлардын аркасы менен Кыргызстанда унаа майларынын наркы төмөндөшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий