• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Казакстан Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдүн сырьесун өткөрүүнү токтотту - Новиков

Экономика 0

Бишкек, 01.11.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Казакстан Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдүн сырьесун өткөрүүнү токтотту, бул атамекендик ишканалардын ишине терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу журналисттерге КР экономика министри Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн сырьелор жүктөлгөн үчүнчү өлкөлөрдүн вагондору казак тараптан күчөтүлгөн түрдө текшерилип жатканы тууралуу кагаз түрүндө билдирүү келди.

“Бул өндүрүштүк потенциалга олуттуу таасирин тийгизет. Биз жагдайды иликтейбиз”, - деди ал.

Ал Казакстан Кыргызстанга сырье ташууну токтоткон жана Казак өлкөсү аркылуу үчүнчү өлкөлөрдөн келе жаткан жүктөрдү кармоо жагдайын шарттаган эч нерсе жоктугун билдирди.

“Учурда Казакстандан көмүр ташууда кыйынчылыктар бар. Бул кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен байланыштуу экенин түздөн-түз ырастай албайбыз. Бирок былтыркы жылы ушул мезгилде Казакстандан көмүр ташууда кыйынчылыктар болгон эмес”, - деген Новиков, дан жана ун маселеси жоктугун кошумчалады.

Өз кезегинде экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Кыргызстандын Евразия сотуна кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Бирок бул үчүн маселе Евразия экономикалык комиссиясында каралышы керек.

Пикир

Оставить комментарий