• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан Кыргызстанга COVID-19га каршы «QazVac» вакцинасынын 25 миң дозасын берет

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Кыргызстанга «QazVac» казакстандык вакцинанын 25 миң дозасы келет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

«COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө кызматташуунун алкагында 2021-жылы 28-июлда «Кордай» - «Ак-Жол» өткөрүү пунктунда КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевдин катышуусунда гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы «QazVac» вакцинасынын 25 миң дозасын берилет», - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: «QazVac» казак вакцинасы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыгып, 2021-жылдын башынан тартып казакстандыктарды Россия жана Кытай адистери иштеп чыккан дары-дармектер менен катар эмдөө үчүн кеңири колдонулуп келе жатат. Клиникалык изилдөөлөр жана аны Казакстанда кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуздугун жана коронавирустук инфекциянын жана анын оор формаларынын алдын алууда анын жогорку натыйжалуулугун (90% дан жогору) көрсөттү. “QazVac” вакцинасы 18 жаштан жогору адамдарга сунушталат жана булчуңга эки этапта жүргүзүлөт, алардын аралыгы 21 күн.

Пикир

Оставить комментарий