• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Кыргызстанга жана аймактагы башка өлкөлөргө унаа экспорттомокчу

Экономика 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Чыгыш-Казакстан облусу аймакта чыгарылган унааларды Кыргызстанга жана Тажикстанга экспорттомокчу.

Бул тууралуу Чыгыш-Казакстан облусунун акими Даниал Ахметов СЦКдагы брифингде билдиргенин “Казинформ” агенттиги маалымдады. “Мен Монголия, Кыргызстан, Тажикстанда болуп, биздин унаалар алардын базарларына кирүүсү үчүн Өкмөт жетекчилери менен жолуктум, эми биз алардын базарларына киребиз”,-деди Д.Ахмедов жерналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Афганистандык журналисттин казактандык унааларды ал өлкөгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроосуна Чыгыш-Казакстан облусунун башчысы төмөнкүчө жооп берди: “Эгер Афганистан менен ушундай келишим болсо, анда биз өз унааларыбызды Афганистан Республикасына сатууга даярбыз. Бирок, азырынча бизде андай мүмкүнчүлүк жок, ошондой болсо да биз ушул багытта кызматташууга даярбыз. Чындыгында эле, биз 100дөн ашык “Нива” унаасын Кытай Эл Республикасына жөнөткөнбүз, Афганистанга дагы жөнөтмөкпүз”.

Пикир

Оставить комментарий