• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан Кытайдан аскердик учак алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Казакстан Кытайдан Shaanxi Aircraft Corporation компаниясы тарабынан өндүргөн Y-8F200W аскер-транспорттук учагын алат.

Коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча аналитикалык материалдарды даярдаган Jane's 360 сайты кабарлагандай, Y-8F200W учагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөгө алгачкы жолу берилүүдө.

Маалыматка караганда, Казакстан Ички иштер министрлигинин алдындагы Улуттук гвардияга бериле турган учак Астана аэропортуна бүгүн 26-сентярда конушу керек. Коргонуу технологиялары жөнүндө жазган Defence Blog сайты бул Казакстан Кытайдан сатып алып жаткан сегиз аскердик-транспорттук учактын алгачкысы экенин билдирди. Y-8F200W учактын базалык версиясынан 2,2 метрге узун экендиги менен айырмаланат. Анын даярдалбаган учуп-конуу тилкелерин пайдаланууга жөндөмдүү экендиги жана аскер кызматкерлери менен жабдууларды ташууга арналганы кабарланууда.

Кытайдан аскердик учактарды алуу боюнча келишимдин суммасы тууралуу маалыматтар ачык булактарда жок. Бирок былтыр декабрда Казакстан өкмөтүнүн жыйынында өлкөнүн ички иштер министри Калмуханбет Касымов 16 миллиард 95 миллион теңге (47 миллион долларга жакын) Кытайдан алына турган учакка жана курал-жарак жеткирүүгө багыттала турганын айткан.

Кытайдан Казакстанга аскердик-транспорттук учак жеткириле тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар сентябрдын башында Кытайдын Борбордук аскердик кеңешинин төрага орун басары Сюй Цилян Астанага келип кеткенден кийин айтыла баштаган. Кытай чиновнигинин бул сапары тууралуу жазган батыш ЖМКлары Пекиндин аймактагы коопсуздукка кызыгуусу күчөп, активдүүлүгү артып жатканын белгилешкен. Казакстанда Сюй Цилян сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев жана коргоо министри Нурлан Ермекбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий