• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан өлкөнүн бардык аймактарында укук тартиби калыбына келтирилгенин жарыялады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Казакстандын бардык аймактарында тартип орноду, бандиттердин “калдыктарын” издөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат, деп билдирди Казакстандын президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Даурен Абаев.

"Азыр бандиттердин калдыктарын издөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Азыр өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамдуулук калыбына келтирилди", — деди Абаев Sputnik Казакстан агенттигине.

Эскерте кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Андан соң өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматада 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган. 19-январга чейин Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилген.

5-январда эртең менен өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, республиканын Коопсуздук кеңешин жетектеп, анын биринчи жыйынында Казакстандагы кырдаалды "мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу" деп атап, ЖККУга "террордук коркунучту жеңүүгө" жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий