• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан Мажлиси ММК мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Казакстан парламентинин Мажилиси шаршембидеги пленардык жыйынында ММК тууралуу мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды. Сынчылар андагы өзгөртүүлөр сөз эркиндигин чектеп, журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылат деп эсептешүүдө.

Мыйзам долбооруна ылайык, журналисттер материалда аты аталган инсандардан «жеке, үй-бүлөлүк, банктык, коммерциялык жана башка жашыруун маалыматтарын ММКларга жарыялоого» уруксат алышы керек болот. Андан тышкары өлкөдөгү веб-сайттар макалаларга пикир калтырган жарандардын ким экенин аныктап, ал маалыматтарды үч ай сактоого милдеттендирилет.

Мыйзам долбоорун төмөнкү палата дээрлик эч кандай өзгөртүү киргизбестен жактырган. Өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын ММК өкүлдөрүнө жооп бериши керек болгон максималдуу убакытты үч күндөн жети иш күнүнө чейин көбөйтөт. Андан тышкары анда мамлекеттик органдардан чыккан бардык маалыматтарды «расмий» жана «бейрасмий» деп бөлүү каралган.

Маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаевдин билдиришинче, өзгөртүүлөр өзгөчө кырдаалдар менен коомго маанилүү окуялар маалында мамлекеттик органдарды расмий маалыматтарды үч сааттын ичинде таркатууга милдеттендирет.

Абаевдин айтымында, өзгөртүүлөргө ылайык, ММКлар менен юридикалык же жеке тараптардын ортосундагы талаш-тартыш маалында алардын ортосунда медиатор катары ММК тармагында иштеген коомдук уюмдар чыга алышат.

Пикир

Оставить комментарий