• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан мектептеринде жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.07.20./Кабар/. Казакстандын мектептери жаңы окуу жылын аралыктан окутуу менен башташат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетов билдирди.

Анын айтымында, азырынча балдарды биринчи чейректе гана аралыктан окутуу каралууда. Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырбаса, аралыктан окутуу кийинки чейректерде да улантылат.

Министр бул жылы мугалимдер үчүн аралыктан окутуу өткөн жылдагыга караганда кыйла жеңил болорун убадалады. «Мугалимдер үчүн квалификациясын жогорулатуу боюнча атайын окутуулар уюштурулуп, видеосабактар даярдалат. Ата-энелерди жаралган жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз», — деди Аймагамбетов.

Министрдин айтымында, аралыктан окутуу класстардагы балдардын саны аз, анча чоң эмес мектептерге тиешелүү болбойт. Мындай жайларда илдетти жуктуруп алуу кооптуулугу кыйла аз деп эсептелинет.

Буга чейин өлкөдөгү колледждер менен жогорку окуу жайлар жаңы окуу жылында студенттерди аралыктан окута тургандыгы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий