• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан менен чек ара аркылуу өтүүчү жүк ташуучулар үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор узартылды

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаа каражаттары менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан жана Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту.

Мурда пилоттук долбоордун мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин аныкталса, учурда пилоттук долбоор 2021-жылдын 10-мартына чейин болот.

Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү (самоход) товарлардан тышкары, автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет.

7 мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат.

Ошол эле учурда өткөрмө пункттарында (“Барыс” жана башка), атайын бөлүнгөн жерлерде жана ошол жолдордо пилоттук долбоорго катышуунун алкагында навигациялык пломбалары бар жүк ташуучу автранспорттук каражаттарга контролдоонун кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий