• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан менен Кыргызстан дин жаатында кызматташат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Бишкекте Казакстандын дин иштери жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаевдин сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Зайырбек Эргешов менен сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу “Казинформ” казак министрлигинин басма сөз кызматына таянып билдирет.

Эки ведомствонун башчылары Казакстандын Дин иштери жана жарандык коом министрлигинин жана КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ортосундагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандумда өлкөлөрдүн дин саясаты багытында тажрыйба жана маалымат алмашуу каралган.

“Документте эки мамлекеттин кызыкчылыгындагы кызматташуунун кеңири тармагын камтууга аракет кылдык”,-деп баса белгиледи Н.Ермекбаев.

Бул документ ошондой эле өлкөлөрдүн теологиялык жана дин таануу билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий