• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан менен Кыргызстандын жарандары Түркияда курьердин $35,4 миң долларын тоногон деп айыпталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Казакстан менен Кыргызстандын жарандары Түркияда Анталья шаарында курьердин $35,4 миң долларын тоногон деп айыпталууда.

22-августта шаардын борборунда туристтик фирмалардын биринин жеке акчасын алып бара жаткан курьердин сумкасын күчтоп тартып алышкан. Кылмыштан соң белгисиздер окуя болгон жерден унаа менен качып кетишкен, - деп жазат newsturk.ru басылмасы.

Полиция кызматкерлери байкоо камерасынын видеосу аркылуу кылмышкерлердин изине түшүшкөн.

13-октябрда атайын операциянын жүрүшүндө шаардык мейманканалардан Казакстандын İ.A., K.A., İ.K. жана A.B аттуу 4 жараны жана Кыргызстандын E.U. деген бир жараны кармалган.

Пикир

Оставить комментарий