• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан менен кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири – Жээнбеков

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Казакстан менен кызматташууну тереңдетүү Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы бешинчи жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жүрүшүндө КР президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда ар тараптуу алака артып жатат.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана боордоштук арта берерине ишенем. Бүгүнкү күнү биздин эки жана көп тараптуу кызматташуубуз жакшы өнүгүүдө. Бул ишти улантууга даярбыз", - деди ал.

Ал, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү маселелери каралганын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий