• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Казакстан менен Орусия туризмди өнүктүрүү жаатында келишимге кол коюшту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.03.18 /Кабар/. Казакстандын “Kazakh Tourism” улуттук компаниясы менен Орусиянын “Ростуризм” компаниясы туризм тармагында кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашышты.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Москва шаарындагы жыйырма бешинчи эл аралык туристтик көргөзмөнүн алкагында Казакстандын “Kazakh Tourism” улуттук компаниясы менен “Ростуризм” компаниясы эки тараптуу кызматташууну күчөтүү тууралуу келишимге кол коюшту.
Келишимге ылайык, тарапташтар эки өлкөнүн ортосундагы туристтик алмашууну өнүктүрүү максатында бул тармакта кызматташууда.
Орусия менен Казакстандын өкүлдөрү эл аралык туристтик рынокто эки өлкөнүн аймагындагы туристтик маршруттарды, маалымат жыйындарды өткөрүүнү жана инвестициялык долбоорлорго катышууларды биргелешип алдыга жылдыруу боюнча кызматташууга басым жасашты.
Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн аймагында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү максатында биргелешкен программаларды ишке ашырууну баса белгилешти.
Макулдашууга ылайык, Орусия менен Казакстан эки өлкөнүн аймагында туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу, жыйындарды, жолугушууларды жана семинарларды өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн жумушчу жана эксперттердин топторун түзүшмөкчү.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий