• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстан менен Россия мунай өндүрүүнү көбөйтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Россия менен Казакстан февраль жана март айларында мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтөт. Коронавирустун жаңы түрүнө кабатыр болуп турган Сауд Арабиясы болсо тескерисинче кыскартат.

ОПЕК+ тобунун калган мүчөлөрү мурунку келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө мунай өндүрө берет. Эки күнгө созулган ОПЕК+ тобунун жыйынына катышкандар дал ушундай келишимге келишти.

Россия менен Казакстан 4-январда башталган жыйында февралдан тарта суткасына 500 миң баррель мунай өндүрүүнү сунуштап, башкаларды буга көндүрүүгө тырышкан. Бирок Сауд Арабиясы коронавирустун жаңы штаммы дүйнө элдерин лакдаун киргизүүгө мажбурлап жатканын айтып, сунушту колдогон эмес.

ОПЕКтин де-факто лидери болуп саналган Сауд Арабиясы менен Россиянын былтыр мартта мунай өндүрүү квотасы боюнча талашы бир күндө кара майдын мурда болуп көрбөгөндөй арзандашына алып келген.

5-январда жетишилген ОПЕК+ келишиминин алкагында, Россия менен Казакстан февраль жана март айында суткасына 75 миң барелль мунай өндүрө алат. Сауд Арабиясы болсо бул эки айда мунай өндүрүү көлөмүн суткасына 1 миллион баррелге кыскарат.

Пикир

Оставить комментарий