• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан менен Тажикстан жарандарды каттоо тартибин жеңилдетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. Казакстан менен Тажикстан жарандарды каттоо тартибин жеңилдетти. Мындан ары эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында каттоосуз 30, каттоо менен 90 күнгө чейин жүрө алышат. Мындай чечим шаршембиде Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Астанага сапары маалында кабыл алынды.

Буга чейин Тажикстандын жарандары Казакстанда расмий каттоого туруп, иштөөгө уруксат алуу үчүн 30 күн жүрө алышчу.

14-мартта Эмомали Рахмон жумушчу сапар менен Астанага барып, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Казак лидери тажикстандык кесиптешине Парасат орденин тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Астана менен Душанбенин ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланып, жалпысынан 11 мамлекет жана мекеме аралык макулдашууга кол коюлду.

«Казакстан Тажикстан үчүн ири экспорттук өнөктөш болуп эсептелет. Биз үчүн Тажикстан дагы маанилүү өнөктөш. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өз ара сооданын көлөмү $80 млн түзүп, бир жыл ичинде 30% көбөйдү. Дүйнөлүк экономика өзгөрүп турган шартта бул өтө жакшы жыйынтык», - деди казак президенти жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында.

Пикир

Оставить комментарий