• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстан менен Өзбекстан аскер кызматташтыгы боюнча планга кол коюшту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Ташкентте коргоо министрлеринин деңгээлинде өткөн жолугушууда Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы аскер кызматташтык жөнүндөгү планга кол коюлду. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, эки өлкө ортосунда мындай документ биринчи ирет пайда болду.

«Интерфакс» менен ИТАР-ТАСС агенттиктеринин кабарлашынча, план боюнча тараптар биргеликте ыкчам, күжүрмөн аскердик даярдыктарды көрүшөт жана аскердик билим берүү иш чараларын алып барышат.

Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу жанданууда. Буга чейин Астана менен Ташкент чек ара өткөрмө бекеттерин кеңейтүү, талаштуу тилкелерди демаркациялоо боюнча бир нече келишимге кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий