• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан менен Өзбекстан жаңы автобус каттамын ачты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Казакстан менен Өзбекстан “Түркстан-Ташкент” багыты боюнча эл аралык автобус каттамын ачты.

Жаңы автобус каттамын казакстандык “Бакдаулет Сервис” компаниясы жана өзбекстандык ”Узавтотранс” агенттиги ишке ашырат.

Каттамдын жалпы узундугу – 335 чакырым. Жолдун узактыгы – 6 саат 40 мүнөт. Эки багыт боюнча күн сайын эки автобус жүрөт. Жол кире – 2000 теңге же 50 000 сум (6 доллардын тегереги).

“Түркстан- Ташкент” эл аралык автобус каттамынын ачылышы эки өлкө ортосунда туристтердин агымынын көбөйтүүгө, кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Эки өлкө ортосунда 90-жылдардын ортосунан тарта автобус каттамдары болгон эмес. Бирок 2018-жылы Өзбекстан менен Казакстан “Ташкент-Шымкент”, “Ташкент-Алматы” багыты боюнча автоус жүргүзө баштаган.

Пикир

Оставить комментарий