• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынан жүк ташуучу унаалар Кыргызстанга тоскоолдуксуз өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арасынан жүк ташуучу унаалар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз өтүүдө. Бул тууралуу Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 17-марттын 16-00го карата Казакстан Республикасы менен көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унаалардын көп чогулганы байкалган эмес. Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана Өзбекстан Республикасынын чек арасы менен эч кандай маселе жок.

Бирок, чек арачылардын айтымында, чыгууга транзиттик жүк ташуучу чоң унааларга гана уруксат берилди. Казакстан Республикасына жана Өзбекстан Республикасына багыт алган жүк коронавирустун кесепетинен жогоруда аты аталган өлкөлөрдө киргизилген убактылуу чектөөлөрдүн алкагында кошуна өлкөлөргө киргизилбейт.

«Бул чаралардын кабыл алынышынын себебин түшүнүп жатабыз. Ошол эле учурда биз казак жана өзбек тарап менен биздин жүк ташуучулардын кошуна өлкөлөргө товарларды жеткирүүнү ишке ашыруусун карап чыгунун зарылдыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ата мекендик экспорттун өнүгүшү көз каранды. Анын үстүнө биздин өлкөдө коронавирустун чыккандыгы боюнча бир да учур каттала элек», - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Муну менен катар Эркин Асрандиев жүк ташуунун трафиги тоскоолдуксуз булуш үчүн кошуна өлкөлөрдүн позициясы бир болуш керектигин айтты. Учурда тараптар тигил же бул өлкөгө жүк ташып баруу же алып келүүнүн бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий