• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан миграция саясатын өзгөртүүгө ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Казакстан бийлиги ички миграция өсүп, чет өлкөлүк жарандар көбөйүп жаткан маалда башка өлкө жарандарынын ишке орношуусуна уруксат берүү шарттарын өзгөртүүгө ниеттенүүдө.

Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова 2017-2021-жылдардын миграциялык саясатынын концепциясын тааныштырды. Ага ылайык, чет өлкөлүк адистердин квалификациясына жараша уруксат берүү мөөнөтү аныкталат.

Төмөнкү квалификациядагы жумушчулардын иштөөсү үчүн бир жыл, кесипкөй кызматкерлер үчүн үч жана андан көп жыл уруксат берүү сунушталууда

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы беш жылда өлкөгө 300 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран келген.

Пикир

Оставить комментарий