• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан "омикрон" штаммына байланыштуу чектөө киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Коронавирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммынын жайылуусуна байланыштуу 3-декабрдан тартып Түштүк Африка республикасы, Ботсвана, Лесото, Намибия, Зимбабве, Мозамбик, Мадагаскар, Малави, Танзания жана Гонконг өлкөлөрүнөн келген жарандардын Казакстанга кирүүсүнө чектөө коюлат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов өкмөттүн 30-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун "омикрон" штаммы табылган Израиль, Чехия, Нидерланд, Бельгия, Улуу Британия, Италия, Германия, Австралия, Канада жана Египеттен келген адамдардан милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР-тест талап кылынат. Мындан тышкары, алар тестинин жыйынтыгына карабастан, жети күн үй карантининде болушу керек.

"Египеттен келген жүргүнчүлөрдүн көптүгүн эске алуу менен (ноябрь айында 13 миңден ашык киши келген) бул өлкө менен аба байланышы убактылуу токтотулду", - деди Шоранов.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун "омикрон" штаммы мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган. Коронавирустун бул түрү Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия, Австралия, Италия жана Германияда да табылды. Көпчүлүк мамлекеттер бул штамм катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жабууда.

Мурдараак кыргыз өкмөтү 1-декабрдан тарта өлкөгө кирүүдө адамдардан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынып, "омикрон" штаммы катталган мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга киргизилбей турганын кабаралган.

Пикир

Оставить комментарий