• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстан онлайн-акча которууларга көзөмөл киргизет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Казакстан парламенти жарандардын онлайн-акча которууларын көзөмөлгө алуу жана салык салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ушул тапта картадан картага онлайн-акча которуу казакстандыктардын күнүмдүк жашоосунда: дүкөндөрдө, таксиде, сулуулук салондорунда кеңири колдонулууда. Бийлик мындай жол менен бизнесмендер кирешелерин жашырып жатканын: картадан картага төлөө кассалык аппараттар аркылуу өтпөй, салыкчылардын көзөмөлүнөн чыгып кеткенин билдирүүдө.

Ишкерлер мыйзамга каршы экенин айтышып, көптөгөн товарлардын баасы жана кызматтардын акысы жогорулай турганын эскертишүүдө.

Жаңы мыйзамга ылайык, көптөгөн казакстандыктар колдонгон белгилүү банктык тиркемеде “Төлөм” функциясы пайда болот. Эми дал ошол функциянын жардамы менен бизнесмендер менен эсептешүүгө туура келет.

Мыйзамга Казакстан президенти декабрдын аягына чейин кол койсо, жаңы эрежелер Жаңы жылдан баштап иштей баштайт. Салыкчылар физикалык жактардын ортосундагы мобилдик транзакциялардан салык алынбай турганын айтууда.

Пикир

Оставить комментарий