• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан ооган аялдарынын укуктарынын корголушун жактайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. 5-сентябрда Астанада “Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген аталышта аймактык конференция өтүп, декларация кабыл алынды.

Документте конференция катышуучулары Ооганстандагы кыз-келиндердин жашоо шартын жана билим деңгээлин жакшыртуу өлкө экономикасын көтөрүүүгө, экстремизм жана аймакты радикалдаштыруу чакырыктарына каршы күрөшүүгө түрткү берерин белгилешти.

Конференцияда аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыздаган кеңешме орган түзүү пландалды.

Казакстан өкмөтү 2019-2020-жылдары ооган аялдарына стипендия бөлүүгө даяр. Буга чейин Астана Ооганстан үчүн миң адис даярдап берүүнү демилгелеген.

Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кийинки аймактык конференция 2019-жылдын сентябрь айында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий