• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Казакстан парламенти Байконурду ижарага берүү мөөнөтүн узартууга макулдугун берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Казакстан парламенти Байконур космодромун Россияга ижарага берүү мөөнөтүн 2050-жылга чейин узартуу жөнүндө документти жактырды. Ижара жөнүндө протоколду ратификациялоого добуш берүү 10-июнда өттү.

Россия Байконур космодромун 1994-жылдан бери ижарага иштетип келет. Келишимдин шарты боюнча жыл сайын 115 миллион доллар акы төлөйт.

Ушул тапта Казакстанда жайгашкан комплекстен “Союз” космостук кемелери учурулат. “Роскосмос” келечекте аларды “Орел” кемелери менен алмаштырууга ниеттенүүдө. Перспективдүү аппаратты 2023-жылы учуруу пландалган. Бирок бул үчүн ракета алып жүрүүчү “Ангаранын” оор версиясы иштелип чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий