• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин көрүп чыкты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-январда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ардактуу конокторду жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тосуп алып, үй-музей менен тааныштырды.

Тагыраагы, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы боюнча сүрөттөр, колдонгон буюмдары, алган сыйлыктары жана белектери көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди.

Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев дүйнө эли чыгармаларын сүйүп окуган Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине келгенине кубанып жатканын билдирип, кызыккан суроолоруна жооп алды.

Белгилей кетсек, ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов коштоп барды.

Пикир

Оставить комментарий