• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан Pfizer вакцинасын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип иштеп чыккан вакциналарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүнү улантып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Ерлан Киясовго шилтеме кылып билдиришти.

«Экинчи жарым жылдыктан тартып Pfizer вакцинасы Казакстанда жеткиликтүү болушу мүмкүн. Азыр бизде болжолдуу макулдашуу бар. Pfizer компаниясы менен меморандумга кол коюлган. Мындан тышкары бүгүнкү күндө башка деталдуу маселелер да талкууланып жатат», — деп билдирди Киясов.

Казакстанда 1-февралдан тартып коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери башталды. Бул үчүн Россиянын өндүрүшүндөгү «Спутник V» вакцинасы колдонулат. Буга чейин алгачкылардан болуп мугалимдер, дарыгерлер жана күч кызматкерлери эмделе турганы кабарланган. Бийлик жыл соңуна чейин алты миллион казакстандыкты эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат.

Кийинки айдан тартып азырынча сыноонун финалдык баскычтарынан өтө элек «QazCovid-in» казак вакцинасы да колдонула баштайт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий