• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан премьеринин орун басары баштаган делегация Кыргызстанга келди

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Казакстандын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин башында турган делегация Кыргызстанга келди.

Делегацияны "Ак-Тилек - Карасу" өткөрмө пунктунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Эки өлкө делегациялары кыргыз-казак чегиндеги өткөрмө пунктун көрүп, логистикалык борбор курула турган жай менен таанышты.

Кыргыз-казак биргелешкен индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга 80га жер тилкеси бөлүнгөн. Учурда курулушка баштапкы даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Адылбек Касымалиев менен Серик Жумангарин алгачкы долбоорлоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүн Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу тобунун экинчи жыйыны өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери каралып, соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий