• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан: прокурор адам өлтүрүүгө айыпталган ишкерге 12 жыл сурады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Тараз шаарындагы сотто прокурор 2004-жылы «ТуранАлем банкынын» мурдагы башчысы Ержан Татишевди өлтүрүүгө айыпталып жаткан ишкер Муратхан Токмадини күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Өз кезинде адвокат соттон Токмадинин баш коргоо чарасын аныктоодо анын эрезеге жете элек балдарынын бар экенин эске алуусун суранды.

Жергиликтүү агенттиктердин маалыматы боюнча, бул иш боюнча сот 16-мартта өкүм чыгарат.

Былтыр күзгө чейин бийлик Ержан Татишев аңчылык маалында кокустан каза тапкан деген версияны айтып келген. Бирок июнда «КазСтройСтекло» компаниясынын ээси Токмади кармалып, Татишев атайын өлтүрүлгөнүн айткандан кийин жаңы тергөө иштери башталган.

Былтыр октябрда Алматы соту Токмадини опузалоого жана мыйзамсыз курал сактоого күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Анын туугандары сурак маалында ишкерге басым жасалганын бир канча жолу билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий