• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан QazCovid-in вакцинасынын натыйжалуулугу 96% экенин билдирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.12.20./Кабар/. Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов коронавируска каршы казакстандык вакцина сыноо кезинде жогорку натыйжалуулугун көрсөткөнүн маалымдады.

"Россиялык "Спутник V" вакцинасы 92 пайызга чейин, казакстандык QazCovid-in 96 пайызга чейин натыйжалуу экенин көрсөттү", ­– деди Шортанов.

Казакстанда 19-декабрда жергиликтүү вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы үчүн үч миң ыктыярчы тартылган.

Мындан тышкары “Караганды дары-дармек комплексинде” россиялык "Спутник V" вакцинасы өндүрүлө баштаган. Казакстанда россиялык вакцина менен элди жапырт эмдөө 2021-жылы февралда башталары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий