• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан. Саясат туурасында сөз жок. Пенсия, маяна, жашоо, билим алуу жана газификация бүт өлкөдө

Аналитика 0

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз масштабдуулугу жана өлчөмдүүлүгү менен мурда болуп көрбөгөн социалдык реформаларды жарыялады. Өнүккөн өлкөрдөгүдөй 7 пайыз ипотека, жеке кирешеге карата салыктын төмөндөшү, ЖОЖ окууга болгон рекорддук гранттар, чакан насыя берүүнү кеңейтүү жана экологиянын кырдаалды, ошондой эле калктын жашоо сапатын жакшыртуу, коомдук айлана чөйрөгө түз багытталбаган газификациялоо. Жалпылап айтканда, Орто Азия республикасынын башчысынын пландарында Казакстанда коомдук бейишти түзүү бар.

Алды менен реформалар тууралуу кененирээк. Биринчиси жеке эле казакстандыкка эмес, бүткүл планета жашоочуларына керектүү маселе. Бул - турак жай маселеси. Бул москвалыктарды бузган нерсе казакстан жашоочуларын да бузуп салмак. Өлкөдөгү демографиялык көрсөткүчтөр күндөн-күнгө жаңы чарчы метрди талап кылып жатат. Казакстанда иштеп жаткан куруу индустриясы өсүп жаткан калкты жаңы турак жайлар менен камсыз кылууга кудурети жетет. Турак-жай курууга жер да жетиштүү. Өткөн жылы Казакстанда рекорддук, 11 млн чарчы метр турак жай берилген. Ушул жылы бул көрсөткүч дагы да көтөрүлөт.

Жылына 14-16% ипотека берүү жалгыз кыйынчылык болгон. КМШ өлкөрүндө жашаган үй-бүлөрү үчүн орто көрсөткүч. Нурсултан Назарбаев бул насыяны 7% төмөндөтүүнү сунуштады жана баштапкы төлөмдү да кыскартып, төлөөнү 25 жылга чейин узартууну сунуш кылды. Дал ушул ойду иш жүзүнө ашыруу үчүн Назарбаев 3 млрд АКШ долларын тарта алчу атайын компания түзүп жана ал акчаларды жаңы шарттарды сунуштап жаткан банктардын иптотекалык насыяларды сатып алууга багыттоону сунуштоодо.

Жалпсынан өлкөдөгү убактылуу каржы кыйынчылыгы убакыттын өтүшү менен ашыгы менен кайра кайтарын эске алуу менен бул нерсе толук иш жүзүнө аша тургандай элес калтырат. Бул жердеги ой өтө жөнөкөй: бул программаны ишке ашыруу банктык сектордун өнүгүшүнө жана турак-жай куруучулукка өнүгүүсүнө, ал эми бул нерсе жаңы жумуш орундарынын пайда болушуна алып келет.

Иштеп жаткан казакстандыктарга экинчи реформа багытталат. Республиканын президенти 200 доллардан аз айлык алгандарга, жеке киреше салыгын 10 эсе төмөндөтүүнү сунуштады. Эң мыкты көрөгөчтүк кадам. Демек жумушчунун маянасы өсөт, бирок жумуш берүүчүнүн милдети мурдагы боюнча калат. Калган казакстандыктарды прогрессивдүү салык күтүп жаткандыгын белгилей кетейин.

Үчүнчү демилге жогорку билимге багытталган. Анын жеткиликтүүлүгү жана студенттин жашоо шарттарынын жакшыртуусу. Назарбаев келээрки окуу жылына мамлекет тарабынан бөлүнгөн 54 миң грантка кошумча дагы 20 миң грантты кошууну талап кылды. Берилген гранттын жарымынан көбү техникалык билимдерге багытталуусу зарыл. Дал ушул тармактагы адистерге ар дайым суроо-талап жогору. Күтүлүп жаткан төртүнчү өндүрүүчү төңкөрүштө эң керектүү адистер.

Төртүнчү реформа боюнча Назарбаев чакан насыя берүүнү өткөн жылдагыдан 20 млрд тенгеге көбөйтүүнү тапшырды. Дал ушул жерден акыркы учурларда жарым криминалдык сүткорлордун санынын өсүшүн айта кетүү зарыл. Дал ушундай сүткорлордун саны көп болгондуктан жарандар алар коюп жаткан талаптарга, башка арга жок болгондуктан көнүшү шарт эле. Эми жарандарда тандоо кенен. Жана мындай шарт сүткорлордон тазаланууга шарт түзөт.

Өлкөнү газификациялоо-бул бешинчи демилге. Казакстандын президенти газ түтүктөрүн Кызылордодон Астанага чейин тартууну сунуштап жатат. Коомдук көз караш менен карганда бул - жумушчу орундардын пайда болушу эле эмес, жарандардын жашоо шартынын жакшырышы. Газификация атмосфераны булгоону кыскартып, Казакстандын түндүк жана борбордук аймактарында экологиясын жакшыртат. План боюнча борбор калаада эле чыгындынын саны 6 эсе кыскарат.

Казакстан президентинин коомдук реформалары толук ишке ашууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок көп бөлүгүн ишке ашыруу кыйынга турары шексиз. Төмөндөтүлгөн ипотекалардын талабына жооп берүү үчүн куруу иштерин жок дегенде эки эсе көбөйтүү талап кылынат. Көбөйгөн гранттар жана жатаканалар боюнча да кылдаттык менен иш алып баруу зарыл. Мамлекеттик гранттар менен окуп келгендер өлкө үчүн алгылыктуу кызмат өтөшү зарыл. Мамлекеттик органдарды да мыкты деңгээлде даярдоо кажет. Себеби салыктын төмөндөшү көмүскө сектордун өсүшүнө алып келбеши керек.

Реформалардын жыйынтыгы боюнча кеп кылуу али эрте. Дал ушундай ийгиликтүү реформа жараткан Франкдин Делано болгон. Ал Улуу депрессия күчөп турган мезгилде АКШнын башына келип, “Жаңы багыт” реформасын ийгиликтүү иш жүзүнө ашырган. “Жаңы багыт” - бул АКШ үчүн жаңы коомдук долбоорлор эле. Рузвельттин коомдук жана экономикалык реформалары: бүт өлкө боюнча масштабдуу курулуштарды, жаштарды иш менен камсыз кылуу, акысыз билим алууну камтыган. Өткөн кылымдын 30-жылдарында “Жаңы Багыт” азыркы АКШнын пайдубалын түптөп берген. Учурдагы Американын деңгээли ошол убакта-80 жыл мурда башталган. Азыркы Американын жыргалчылык заманы, ошол убактагы кайра жаралуу реформасы ийгиликтүү болгондугунан кабар берет.

Өлкөдө болуп жаткан реформалардын жыйынтыгын казакстандыктар сезет деп ишенели.

Атайын “Кабар” үчүн “Кыргызстан-Астана” этномаданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов

Пикир

Оставить комментарий