• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан сенаты аткаминерлерге чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Казакстан сенаты мамлекеттик кызматкерлерге, парламент депутаттарына жана сотторго чет өлкөлүк банктарда эсеп ачууга, акча жана баалуу буюмдарды сактоого тыюу салган мыйзам долбоорун эки окууда кабыл алды.

Ошол эле маалда бул тыюу алардын жубайларына, балдарына тиешелүү эмес.

Сенатор Андрей Лукин Казакстан үчүн бул коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн жаңы инструменти экенин, буга байланыштуу биринчи тажырыйба топтоп, андан соң гана мыйзамга чиновниктердин үй-бүлө мүчөлөрүн кошуу зарылдыгын айтты.

Сентябрда каржы министри Ерулан Жамаубаев FATF (Арам акчаны адалдоого каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу) тобунун сунушу менен аткаминерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөдө эсеп ачууга тыюу салуу пландалып жатканын айткан.

Былтыр британ журналисттери Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева менен анын улуу баласы Нурали Алиевдин офшордо катталган компаниялары Лондондун кымбат райондорундагы үйлөргө ээлик кыларын аныктап чыгышкан. Лондондун Жогорку соту далилдер жетишсиз деген тыянак менен мүлктөрдү камакка алуу боюнча ордерди четке каккан. Быйыл августта Лондондо Дарига Назарбаеванын уулу, 29 жаштагы Айсултан көз жумган. Акыркы жылдары ал “Фейсбуктагы” баракчасына үй-бүлөсүнүн ири коррупциялык иштерге катышы бар экенин жазып жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий