• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстан сенатынын төрагасы Бишкектеги Абай Кунанбаевдин эстелигине барды

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-январда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстандагы иш сапарын казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелине зыярат кылып, гүл коюу менен жыйынтыктады.

Ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов коштоп барды.

Эске салсак, Абай Кунанбай уулунун эстелиги Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин былтыр Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында ачылып, ага эки өлкөнүн башчылары катышкан.

Пикир

Оставить комментарий