• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Казакстан Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүн натыйжалуу деп эсептейт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Казакстан Тышкы иштер министрлиги Сириядагы кырдаалды жөнгө салууну максат кылган Астана жараяны өз мандатын толук аткарып жатат деп эсептейт. Астанада өткөн брифингде ТИМ өкүлү Айбек Смадияров саммиттин негизги максаты – Сириядагы урушту токтотуу болгон деп маалымдады.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаменти “Астанада өткөн соңку саммитте тараптар Сирияда Конституциялык комитет түзүү боюнча бир пикирге келе албагандыктан, Сириядагы жагдайды саясий жол менен чечүү мүмкүн болбой жатат” деп билдирген.

Казакстан ТИМи Сирия маселесин жайгаруунун саясий жолдорун талкуулоо, Сирия Конституциялык комитетин түзүү – Бириккен улуттар уюмунун артыкчылыктуу укугу деп эсептейт.

Астана отурумдары былтыр жыл башында Орусиянын демилгеси менен башталган. АКШ бул "майнапсыз сүйлөшүүлөр" үчүн Москва менен Дамаскты сындап келген.

АКШ Мамдепартаментинин расмий өкүлү Хизер Нойерт Орусия менен Иран Астана сүйлөшүүлөрүн саясий жараяндарга катышкысы келбеген Дамаскты калкалоо үчүн колдонуп жатат деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий