• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстан: Социалдык жардам алуу үчүн жеке күбөлүк жетиштүү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Светлана Жакупова социалдык жардам алуу үчүн документ тапшыруу жараянын көзөмөлдөө максатында шаардык иш менен камсыздоо борборуна келди.

Министр социалдык жардам алуу үчүн паспорт гана жетиштүү экенин билдирди. Буга чейин көп балалуу энелер борбор кызматкерлери кошумча документтерди жана маалымкаттарды талап кылып жатканын айтып арызданышкан.

Светлана Жакупова айрым аймактарда комиссия кошумча документтерди талап кылганын, себеби электрондук өкмөттүн базасына кирбей калган ата-энелер бар экенин тастыктады.

Көп балалуу энелердин бири Динара Омарова комиссия андан бир нече документ талап кылганын айтты."Чогулта турган документтердин тизмесин беришет. Өздүктү тастыктай турган күбөлүк жетишсиз. Жашаган жериңен маалымкат, мектептен маалымкат, банктагы эсеп тууралуу маалымкат керек. Мен документтерди бир жарым айда чогулттум ", - деди ал.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча социалдык жардам алуу үчүн 11-апрелге карата жарандардан 77 миң арыз түштү.

11-апрелде көп балалуу энелер Нур-Султанда кайрадан нааразылык акциясына чыгышкан. Алар социалдык жардам алуудагы көйгөйлөр боюнча арызданышкан. Аялдар жашоо шартына карабастан, ар бир балага 21 миң теңгеден (55 доллар) жөлөк пул чегерүүнү, үй менен камсыз кылууну талап кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий