• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстан түндүгүндө 600дөн ашуун имаратты түрттүрүү пландалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Түндүк-Казакстан облусунда бийлик жыл соңуна чейин авариялык абалдагы жүздөгөн имаратты түрттүрөрүн билдирүүдө.

Облустук акимчиликтин жыйынында акимдин орун басары Антон Федяев былтыр текшерүү жүрүп, 1 122 авариялык абалдагы объект аныкталганын, анын ичинен 300дөйү түрттүрүлгөнүн, 17си кайра калыбына келтирилгенин маалымдады.

Быйыл 608 имаратты түрттүрүү маселеси каралууда.

Ал 2018-жылы 58 объектини ремонттоо пландалганын белгиледи. Петропавл шаарынын 7 районундагы 114 имараттын ээсине бир ай ичинде объектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуш жөнөтүлгөн. Эгер талап аткарылбаса, 5тен 500гө чейин айлык эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынат.

Түндүк-Казакстан облусунун акими Кумар Аксакалов ээлери тарабынан калыбына келтирилбеген имараттарды түрттүрүү керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий