• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстан ТИМи Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандыгы бар экендиги тууралуу нота жөнөттү - КР ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 22.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын тышкы саясат ведомствосунан Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек Казакстан Республикасынын жараны экени тууралуу вербалдык нота келип түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 15-16-февралда казакстандык күч органдары Алмата, Жамбыл, Түштүк-Казакстан облустарында жана Алмата шаарында ири атайын операция жүргүзүшкөн. Анда 33 адам кармалып, арасында Кыргызстандын 3 жараны болгон. Кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Дамирбек уулу болуп чыккан. Кармалгандар бажы ишмердигиндеги коррупцияга шектелишүүдө. Асылбек уулу Дамирбек 2 айга камакка алынды.

Андан соң ЖМКларда Асылбек уулу Дамирбекте Казакстандын жарандыгы бар экени тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий