• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстандын ТИМи Европарламенттин адам укуктарынын абалы тууралуу сынына жооп кайтарды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. Казак тышкы иштер министри Европарламенттин Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу жарыялаган резолюциясы юридикалык күчкө ээ эмес экенин билдирди. Бул тууралуу министрлик Informburo.kz агенттигине берген жообунда маалымдаган.

Европарламент 14-мартта Страсбургда өткөн жыйында Казакстан тууралуу резолюция кабыл алып, Астананы эл аралык милдеттемелерин аткарууга, адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого, саясий репрессияларды токтотууга үндөгөн.

Документте Казакстанда жарандык активисттер жана журналисттер куугунтукталып жатканы белгиленген. “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын жактаган 500дөн ашуун жаранга кысым көрсөтүлгөнү да айтылган.

Резолюцияда саясий туткундарды бошотуу, көз карандысыз кесиптик кошуундарды кысымга алууну токтотуу, жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана кылмыш кодексинин жоболорун кайра карап чыгуу сунуштары берилген.

Казакстан ТИМи 27-28-февралда Женевада өткөн жыйында казак делегациясы БУУнун комитет мүчөлөрүн өлкөдө болуп жаткан системалык реформалар менен тааныштырганын белгилеген.

"Калыбы, өлкөдөгү чыныгы саясий жана социалдык абал менен тааныштыруу үчүн евродепутаттарды Казакстанга бат-бат чакырып туруу керек окшойт...", – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий